ЖАҢЫ-ТУРМУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТУРМУШ , Т у у р а - Ш и л б и – Ош обл­усунун Алай районундагы кыштак. Тилектеш айыл аймагына караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыштагынан 13 км. Ош темир жол бекетинен 97 км. Кыштак 1939-жылы негизделген. Калкы 1238 (2025); мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.