ЖАҢЫ-ТАЛАП (Ак-Талаа районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-ТАЛАП 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАП – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Тоголок-Молдо айыл аймагы­на караштуу. Куртка суусунун оң өйүзүндө, На­рын – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2306 (2025); негизи­нен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана, маданият үйү бар. Мончо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. Кыш­такта Кыргыз эл жазуучусу Ш. Бейшеналиев туулган.