ЖАҢЫ-ТАЛАП (Кара- Кулжа районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-ТАЛАП барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАП , А д ы р – Ош облусунун Кара- Кулжа районундагы кыштак. Кашка-Кочкор айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 21 км түндүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Калкы 1847 (2025); неги­зинен мал чарбасы менен алектенип, дыйканчы­лыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Тегирмен, май жуаз жана башка майда ишканалар иш­тейт.