ЖАҢЫ-ЖОЛ (Кочкор районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-ЖОЛ 3 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ – Нарын облусунун Кочкор районун­дагы кыштак. Ормон-Хан айыл округуна караш­туу. Кочкор суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагына туташып кетет. Балыкчы темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3144 (2025); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мончо иштейт.