ЖАҢЫ-ЖОЛ (Чүй районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ЖОЛ , Ч е т к и - С а я к – Чүй районундагы кыштак. Бурана айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 970 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 12 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1591 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, клуб, китепкана бар. ФАП иштейт.