ЖАРКЫМБАЕВ Казак
ЖАРКЫМБАЕВ Казак [10. 11. 1911, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди (азыркы Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району), Таштак кыштагы – 10. 07. 1969, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кароол-Дөбө кыштагы)

– Советтер Союзунун Баатыры (1945). Кызыл Армиянын катарына Ысык-Көл облустук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылдын июль айында чакырылган. Гвардиянын кенже сержанты К. Жаркымбаев Улуу Ата Мекендик согушта 287-гвардиялык аткычтар полкунун (95-гвардиялык аткычтар дивизиясы, 5-гвардиялык армия, 2-Украин фронту) наводчиги болуп кызмат өтөгөн. 2-Украина фронтунда согушуп, Молдавиядагы Дубоссары кыштагын бошотууда жана Днестр дарыясынан өтүп, 164,4 бийиктигин ээлеген өзгөчө эрдиги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 24-мартындагы жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамы (№ 8076) ыйгарылган. Согуштан кийин айылына келип, өмүрүнүн акырына чейин өз колхозунда эмгектенген. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Ысмы өзү туулуп-өскөн кыштакка, мектепке, көчөгө ыйгарылган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.