ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ– жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган мамлекеттик мыйзам укуктары. Анда чөйрөнүн абалы жөнүндөгү так маалыматтар ж-а мүлккө сарпталган чыгымдарды калыбына кел­тирүү шарттары эске алынган. Ал өмүргө ж-а ден соолукка зыян келтирбеген ыңгайлуу шарт­тарда жашоо мүмкүнчүлүгүнө, айлана-чөйрөнү ыңгайлуу шартта сактоону ж-а коргоону мам­лекеттен талап этүүгө жарандардын укугу бар экендигин тастыктайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзам боюнча жарандар айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен ден соолукту сактоо, ден соолукту сактоочу же ага тескери таасирин тий­гизүүчү факторлор жөнүндөгү маалыматтарды так ж-а учурунда үзгүлтүксүз алып туруу, ошондой эле алар­дын ден соолугун коргоо тармагындагы укук­тары м-н эркиндиктерин чектеген мамлекеттик уюм­дар м-н кызмат адамдарынын айлана-чөйрөгө терс иш-аракеттери жөнүндө тийиштүү уюмдарга даттануу укугуна ээ. Мындан сырткары жаран­дар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн экологиялык бирик­мелерди түзүү, куралсыз беймарал чогулуу, жы­йындарды, жүрүштөрдү өткөзүү, ошондой эле оюн эр­кин билдирүү укугуна ээ. Жарандардын экологиялык укугу ошондой эле башка чен-өлчөм, жол-жоболор м-н да бекемделет.