ЖАПАРОВ Амантур Забирдинович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Амантур Забирдинович (10. 03. 1958, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Коо айылы) – тарых илимдеринин доктору (2022). Эмгек жолу алгач Тоң районунун Кызыл-Туу орто мектебинде мугалим (1985–1988) болуудан башталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын (КР УИА) Тарых институтунун кенже илимий кызматкери (1988–1997), ошол эле жерде Коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу-секретары (1997–2003), КР УИАнын Тарых институтунун ага илимий кызматкери (2003–2005), КР УИАнын Тарых институтунун директору (2005), КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун Археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы (2005–2008), КР УИАнын Илимий-билим берүү программалар борборунун директору (2008–2011), КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (2018–2023), 2023-жылдан КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Этнология бөлүмүнүн башчысы. 2014-жылдан Кыргызстан антропологдорунун ассоциациясынын мүчөсү. Тарыхый-этнографиялык, антропологиялык багытта жазылган 160 тан ашуун илимий жана илимий-популярдуу эмгектин автору. Анын ичинде  көптөгөн макалалары орус, түрк, англис, француз тилдеринде Россия Федерациясы, Турция, АКШ, Англия, Канада, Франция, Бельгия сыяктуу ж.б. өлкөлөрдө жарык көргөн. Кыргызстандын тарыхынын академиялык басылышынын II тому (2016) жана ошол эле жылы Москва шаарында жарык көргөн Россия Илимдер академиясынын Н. Н. Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институту менен биргеликте даярдалган «Кыргызы» аттуу фундаменталдуу эмгектин авторлору жана жооптуу редакторлорунун бири.

Эмг.: Скотоводство в горных районах Кыргызстана: прошлое и современность. Б., 2024.