ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ (арабча Б а х р - Л у т) – Жакынкы Чыгыштагы эң туздуу туюк көл. Иордания менен Израилдин аймагында, Гхор (Эль-Гор) тек­тоникалык ойдуңунда деңиз деңгээлинен 418 м төмөн жай­гашкан (жээк аймагы – Жер шарындагы кур­гактыктын эң жапыз жери). Аянты 1050 км2,

Жансыз деңиз жээгинин ландшафты.

узундугу 76 км, тереңдиги 356 м (башка маалымат боюнча 335 м). Жээктери чөлдүү, айрым жерлери аска­луу. Көлгө Иордан дарыясы куят. Жансыз деңиз дүйнөдөгү эң туздуу көлдөрдүн бири (туздуулугу 260–270, ай­рым жылдары 310‰ге чейин жетет). Аталышы сууда организмдин (бактериялардын айрым түрлөрүнөн башкасы) жоктугунан келип чык­кан деп далилденет. Батыш жээгиндеги үңкүр­лөрдөн 1947-жылы байыркы еврей, араб, грек, ла­тын жана башка тилдердеги кол жазмалардын (көбүнчө биздин заманга чейин 2-кылым – биздин замандын 2-кылымына таандык) үзүндүлөрү табылган. Жансыз деңиздин батыш жээгинде, Иордан дарыясынын чатында библия мифологиясындагы бел­гилүү Содом жана Гоморра шаарлары жайгашкандыгы божомолдонот. Түштүк жээгинен калий жана башка туз­дар казып алынат.