ЖААН-ЧАЧЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААН-ЧАЧЫН , ж а а н – жамгыр, кар жана башка түрүндө жер бетине түшүүчү атмосфералык суу. Ал булут­тан жана нымдуу абадан пайда болот. Булуттан жамгыр, ак жаан, нөшөр, өткүн, шыбыргак, мөндүр, кар түрүндө жаайт. Абадан ным, кы­роо, бубак, шүүдүрүм түрүндө бөлүнүп чыгат. Жаан-ч­ачындын өлчөмү, жер бетине түшкөн суу кабатынын калыңдыгы мм менен өлчөнөт. Жаан-ч­ачындын Жер шарындагы жылдык орточо өлчөмү 1000 мм (башкача айтканда 500 миң км3 суу). Жаан-ч­ачындын өлчөмү дүйнө жү­зүндө бирдей эмес. Эң көп жаан-ч­ачын жааган жер Гавайи аралынын биринде (жылына орто эсеп менен 12500 мм), ал эми Перу менен Чилинин чөлдөрүн­дө, Сахарада бир нече жылдар бою тамчы там­бай калышы да мүмкүн. Кыргызстандагы эң жаан­чыл жер Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы, анда жылына 1600 ммге чейин Жаан-ч­ачын түшөт. Ысык-Көлдүн батышы эң кургак­чыл, анда 110 ммдей. Жаан-ч­ачын – аба ырайы менен климаттын негизги элементи. Айыл чарбасында мааниси чоң.