ЕДИГЕЙ
ЕДИГЕЙ, Идигу (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маңгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. Муин ад-Дин Натанзинин «Мунтахаб ат-таварих-и Муиниди» деген эмгегинде Алтын-Ордонун ханы (1380–1395) Токтомуштун колунан каза болгон Балтычак бектербеги Едигейнин атасы экени айтылат. Токтомуш хандын кызына үйлөнүп, атасын Ак Ордонун ханы (1372–1374) Орус хан өлтүргөндөн кийин ал 1376-жылы Тимурдун (1336–1405) кол алдына качып келип, аскер кызматына алынган. 1390-жылдары Тимурдун Алтын Ордого каршы жортуулдарына катышкан. Жуучу улусу алсырай баштаганда Едигей Едил (Волга) жана Жайык (азыркы Урал) сууларынын аралыгына өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиздеген Ногой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир менен бирге Токтомуш ханга каршы согуш жүргүзүп, 1399-жылдардан кийин иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жуучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуулардын натыйжасында 1410–1412-ж. кайрадан Хорезм тарапка качууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уулдары колдуу болуп өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Едигей тууралуу айрым оозеки маалыматтар кыргыз фольклорунда да көп кезигет.
Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Ногайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Воронеж, 2001.