ДҮЙШӨМБҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨМБҮ , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Та­жикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар өрөөнүндө, Дүйшөмбү дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 750–930 м бийикте жайгашкан. 1920-жылы Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экономикалык жана маданий борбору. Калкы 1,2 млн (2022). 1 км2 жерге 5914,4 киши туура келет. Тажиктер – 89,5%, өзбектер – 6,7%, орустар – 2,6%, башка эл –1,2% түзөт. Темир жол тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаа­ры-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш ма­териалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) өнөр жайы, ИА, 8 ЖОЖ (анын ичинде Тажикстан, Славян, агрардык университеттери), медициналык институт, 6 театр (анын ичинде Тажик­стан опера жана балет, драма театрлары), филар­мония, музейлер (тарыхый-мекен таануу жана сүрөт, Бехзад атындагы өнөр, этнография, С. Айни атындагы,

Шаардын жалпы көрүнүшү.

М. Турсун-заде атындагы адабият), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмала­ры сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» пан­носу менен кооздолгон), эстеликтер, басма үйү жана башкалар бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн бил­гизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган.