ДҮЙШЕМАЛИЕВ
ДҮЙШЕМАЛИЕВ Таштан (23. 08. 1923, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Ысык-Ата болуштугу, Карагай-Булак айылы – 04. 05. 2009, Бишкек, сөөгү Карагай-Булак айылына коюлган) – тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1972). 1950-жылы Кыргызстан Мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. 1950–1972-жылдарда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тарых институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1972–1983-жылдарда К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Айыл Чарба институтунда (КАЧИ) КПСС тарыхы кафедрасынын профессору, 1983-жылдан Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер. Кыргызстандын айыл чарбасын изилдөөгө багытталган 90го жакын (анын ичинде 8 монография) илимий эмгектин автору.
Эмг.: Очерк истории коллективизации сельского хозяйства Киргизии. Ф., 1965; Развитие сельского хозяйства Киргизии (1951– 1965). Ф., 1991.