ДҮЙШЕЕВ Буранбек Жамгырчиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ   Буранбек Жамгырчиевич (1958-жылы туулган, Чүй облусу, Аламедин району, Кой-Таш айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001).  И. К. Ахунбаев атындагы  КММИни бүтүргөн (1981).  Эмгек жолун КММИде ординатор болуп баштаган.  Киев нейрохирургия  ИИИде  аспирант;   КР Саламаттык сактоо министрлигинин  Республикалык клиникалык ооруканасында  врач-нейрохирург;  Н. Н. Бурденко атындагы    нейрохирургия ИИИде (Москва шаары)  докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин  Улуттук госпиталында  №1 нейрохирургия  бөлүмүнүн башчысы; И. К. Ахунбаев  атындагы КММИде;  Б. Н. Ельцин атындагы  КРСУда профессордун   милдетин аткаруучу. КРдин эмгек  сиӊирген врачы.  Анын 60тан ашык илимий эмгектери , анын ичинде 1 монография, 3 рационалдык сунуштары, 1 окуу-методикалык  куралы жарык көргөн. Эмг.: Клинические особенности опухолей   задней черепной ямки у пожилых . –Б.: Бийиктик, 2011. -204 с.