ДУНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУНИ́Т (Жаңы Зеландиядагы Дун тоосунун атынан) – ультра негиздүү магма тоо теги. Өңү кара, каралжын же ачык жашыл. Тыгыздыгы 3,28 г/см3. Дунит 85 – 100% оливинден, 3 %ке чейин хромиттен жана кенташ (руда) минералдарынан турат. Курамында магний өтө көп, кремний аз. Ал силл, жарыш жаткан линзалар жана кайчылашкан түтүкчөлөр түрүндө кезигет, кээде гана ири интрузия тулкуларын пайда кылат. Дунит менен бирге хромит, платина, никель, кобальт, темир, тальк, хризотил-асбест ж. б. кездешет. Дунит отко чыдамдуу минералдарды чыгарууда кеңири колдонулат.