ДРЕЙК КЫСЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДРЕЙК КЫСЫГЫ Оттуу Жер архипелагы менен Түштүк Шетленд аралынын аралыгында. Атлантика жана Тынч океандарын туташтырат. Узундугу 460 кмдей; Жер шарындагы эң жазы (1120 кмге чейин) кысык. Тереңдиги 5249 мге чейин (эң тайыз жери 276 м). Катуу бороон көп болот. Түштүк бөлүгүндө кышкысын муз тоңот. Жайында айсбергдер кездешет. 1578-жылы кысык аркылуу өткөн англиялык деңиз саякатчысы Ф. Дрейктин ысмынан аталган.