ДОНЕЦ ТОКОЛ ТООСУ
(ДОНЕЦ Т ОКОЛ ТООСУ барагынан багытталды)
ДОНЕ́Ц ТОКОЛ ТООСУ – Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийиктиги 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ жана сланец тектеринен турат. Алар менен көмүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр жана терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Калдык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой жана талаа өсүмдүктөрү өсөт.