ДОЛОМИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОМИ́Т (француз геологу Д. Доломьёнун ысмы­нан) – 1) карбонаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaMg(CО3)2. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш боз, жашыл, кызгылт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5 – 4, тыгыздыгы 2,9 – 3,2 г/см3. 2) Негизинен (90%тен ашык) доломит минералынан турган карбонат тоо теги. Доломит 50 – 90%ти түзсө а к и ­т а ш т у у доломит, андан азыраак болсо д о л о ­м и т т е ш к е н а к и т а ш т е г и деп аталат. Доломит тоо тегинде кальцит, ангидрит же

гипс учурайт. Доломит э к з о г е н д и к жана э н д о г е н­д и к деп эки топ­ко бөлүнөт. Доломит эк­зогендик шарттар­да акиташ теги­нин диагенездик (к. Литогенез) өз­гөрүүсүнөн туздуу бассейндерде пайда болуп, акиташ теги, чопо жана башкалардын калың катмарларынын арасында кат­мар, линза, кристаллдардын чогундусу түрүндө да жатат. Экзогендик доломит акиташ тегинин эпи­генездик доломиттешүүсүнөн да келип чыгат. Эн­догендик доломит гидротерм жана гидротерм-метасома­тоз процесстеринин натыйжасында пайда болуп, серпентиниттерде, тальктуу жана өзгөрүүлөргө учураган негиздүү, ультранегиздүү тоо тектерде тарам жана ар түрдүү формадагы тулку жана шток­верг түрүндө учурайт. Доломит курулуш ишинде, ме­таллургияда (отко чыдамдуу кыш жасоодо жана магний металлын алууда), химия өнөр жайында, айыл чарбасында ж. б. колдонулат.