ДИСКАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСКА́НТ (латынча dis – бөлүнүү, cantus – ыр­доо) – 1) балдардын эң бийик үнү; 2) хордо же вокалдык ансамблде балдардын же аялдардын бийик үнү (сопрано) менен аткарылуучу партия; XII кылымда Францияда эки үндүү, кийин көп үндүү ырдоодогу өзгөчө форма; 4) дишкант – Украи­нанын жана Белоруссиянын чыгыш облустарын­да дондук казак-орустардa ырларды аткаруу ыкмасы; 5) туруктуу төрт үндүү музыкалык чыгармалардагы эң бийик добуш.Ошондой эле хордогу эң бийик үн. Анын өзүнө таандык,өзүнө мүнөздүү жеке обону бар.