ДИГРЕССИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИГРЕ́ССИЯ (латынча – чегинүү, өзгөрүү) – адамдын чарбалык иш-аракетинен же чөйрө факторлорунун негизинде экосистеманын абалынын начарлашы. Экзодинамикалык (узак мөөнөттөгү суу каптоо, топурактын 2-жолу туздануусу ж. б. пайда болот), антроподинамикалык (жайытта малды жаюу) жана эндодинамикалык (топурактын үстүнкү катмарынын биогендик шор басышы) дигрессия болуп бөлүнөт. Дигрессиянын акыркы фазасы – экосистеманын талкаланышы же болбосо толук жок болушу.