ДИВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИВА́Н (фарсча – жазма, китеп) – Ортоӊку жана Жакынкы Чыгыштын классикалык адабияттарында тараган ыр жыйнагы. Анда ырлар эреже катары жанры боюнча так (касыйда, казал, кита, рубаи) жана уйкаштыктардын алфавит тартибине жараша (алифтен яйге чейин) жайгаштырылган. «Диван» термини кээде эпикалык чыгармалардын жыйнагына (мисалы, «Кулмийиаты-дивани- Фузули»), атүгүл сөздүктөргө да (Махмуд Кашгаринин «Диванy лугат-ит-түрк») колдонулган. Диван көбүнчө казалдардан түзүлгөн.