ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ
ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ , о к е а н а г ы м д а р ы – океан менен деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын суу режиминде жана деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун таралышына, материк жээктеринин калыптанышына, порттордун акваториясынын тайызданышына, калкыма муздардын таралышына, ошондой эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климатына тийгизген таасири зор. Деңиз агымдары шамалдын таасиринен, суунун тыгыздыгы менен деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү боюнча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мезгили менен байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байланыштуу); байкалган орду боюнча – үстүнкү, астынкы, тереӊдиктеги жана түпкү агым; физика-химиялык касиеттери боюнча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу жана мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү боюнча – түз сызыктуу, циклондук жана антициклондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Деңиз агымдарынын багытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Кариолис күчү) да таасирин тийгизет; түндүк жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. Ошондой эле деңиз агымдарына жээк тилкесинин орун алышы жана суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таасир этет. Көп учурда деңиз агымдары океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көпчүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.