ДЕМЭКОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕМЭКОЛО́ГИЯ (грекче demos – калайык жана экология), п о п у л я ц и я э к о л о г и я с ы, п о п у л я ц и я л ы к э к о л о г и я – жалпы экологиянын бир бөлүгү. Ал экологиянын структуралык жана функциялык мүнөздөмөсү, популяциялардын санынын динамикасы, популяция ичиндеги топторду жана алардын өз ара катнашын изилдейт.