ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – коомду социал­дык, экономикалык жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун жана калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социалдык, экономикалык, укуктук ж. б. жаа­тындагы чаралар тобу. Демографиялык саясат мамлекеттик же аймак­тык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдарды чыгаруу жана тийиштүү шарттарды түзүү аркы­луу ишке ашырылат. Демографиялык саясаттын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Демографиялык саясаттын негизги багыт­тары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуу­су жана таралышы, жайгаштыруу багыттары, эм­гек ресурстарынын турпаты жана куруму, эм­гекке орноштуруу, калктын иш менен камсыз бо­лушу ж. б.