ДЕЖНЁВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕЖНЁВ Семён Иванович (1605-жыл чен, Двина уезди – 1673, Москва) – орус жер кезүүчүсү жана уюлдук деӊиз сүзүүчү. Стадухин жана башкалар менен бирге Сибирдин эӊ түндүк чети Оймякондо болгон. 1643-жылы Индигирка дарыясы аркылуу сүзүп, Колыма дарыясынын чатынан Тынч океанга чейин барган. Азия менен Американын ортосундагы кысыкты, Чукотка жарым аралын (анын табиятын, калкын сүрөттөп жазган) жана Анадырь булуӊун ачкан. Дежнёв 1648-жылы Ф. А. Поповдун экспедициясына катышкан. Алгачкылардан болуп Чукотка жана Беринг деӊизине барган. Ага 1665-жылы казак-орус атаманы чини берилген. Азиянын түндүк-чыгыш четиндеги тумшук жана Беринг деӊизиндеги бухта Дежнёвдун ысмынан аталган.