ДЕВОН МЕЗГИЛИ
ДЕВО́Н МЕЗГИЛИ (системасы), д е в о н – палеозой заманынын ортосундагы геологиялык мезгил; жер кыртышындагы тоо тек катмарларынын палеозой тобундагы системасы. Силур мезгилинен (системасынан) кийин, таш көмүр мезгилинен (системасынан) мурда турат. 1839-жылы англиялык геологдор Р. Мурчисон жана А. Седжвик Улуу Британиянын Девоншир графтыгынын аймагында өз алдынча системага бөлүп, аны ошол графтыктын аты менен атаган. Девон мезгили 410 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга жакын созулган. Анда пайда болгон тоо тек катмарлары 3 бөлүмгө (астыӊкы, ортоӊку жана үстүӊкү), 7 яруска ажыратылган, алардын астынкы 3 ярусу азырынча толук аныктала элек. к. таблица. Девон мезгилинин башталышында мурда болуп өткөн каледон тектоникалык бүктөлүүлөрүнүн таасиринен жер бетинин көп бөлүгү көтөрүлүп, деӊиздер тартыла

баштаган. Ал жерлерде байыркы кумдук чополордон түзүлгөн кызыл түстүү лагуна-континенттик чөкмөлөрдүн калыӊ катмарлары пайда болгон. Девон мезгилинин ортосунда жана аяк ченинде платформалар менен геосинклиналдарда жер бети кайрадан чөгүп, суу каптай баштаган. Девон мезгилинде көпчүлүк жерде, айрыкча геосинклиналь аймактарда магманын сыртка атылып чыгышынан тоо тектер түзүлгөн; айрым жерде галоген чөкмөлөрүнүн (доломит, гипс, ангидрит, таш туз ж. б.) топтолуусу жүргөн. Девон мезгилинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү силур мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Жаныбарлардан брахиоподдор өтө өөрчүп, анын теребратулид, продуктид сыяктуу жаӊы түрлөрү чыккан. Спирифериддер менен ринхонеллиддер кеӊири тараган. Атрипиддер менен пентамериддер девондун аягында толук кырылып калган. Граптолиттер мезгилдин башталышында жашаган. Гониатиттер менен климениялар жаӊыдан пайда болгон. Кораллдар болсо дагы эле чоӊ роль ойногон. Моллюскалар, мшанкалар, фораминифералар мурдагыдай эле жашоосун уланткан. Зор өлчөмдөгү рак сымалдардын өнүгүүсү күчөгөн. Омурткалуулардан баш сөөксүз жана азыркы балыктар өнүгүп, Девон мезгилинде чоӊ мааниге ээ болгон. Өсүмдүктөрдөн мезгилдин аягында жок болгон псилофиттер, жаӊыдан пайда болгон папоротник сымалдар, птеридоспермдер, плаундар жана кырк муундар кеӊири таралган. Кен байлыктардан негизинен нефть менен газ, таш туз менен гипстин ири катмарлары, боксит, таш көмүр жана күйүүчү сланецтер, жездүү кумдуктар, темир-марганец жана коргошун кенташтары пайда болгон. Кыргызстанда деӊиз түбүндө акиташ теги менен бирге химиялык чөкмөлөр түрүндө пайда болгон бир нече коргошун кени девон мезгилинин полиметалл-карбонаттар формациясында жайгашкан.
Ад.: Геологические строение СССР. Т. 1 – Стратиграфия. М., 1968; Чарыгин М. М., Васильев Ю. М. Общая и историческая геология. М., 1968; Асаналиев У. Литология и рудоносность девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974.