ДАРООТ-КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДАРООТ-КОРГОН – Кокон хандыгынын дооруна таандык чеп. 1821-жылы Чоӊ-Aлай өрөөнүндө Дароот-Коргон кыштагынын жанында курулган. «Дара» (дөре, дора, дере, торо, төрө) түрк тилинде «татаал же кууш өткөөл» (ашуу), «терең жар» маанисиде колдонулуп, кийинчерээк ал фарси, лезгин, болгар ж.б. тилдерине өткөн. Азыр Орто Азиядан тышкары Кавказ, ошондой эле Иран жана Түркиянын топонимдеринде жолугат. Чоӊ-Aлай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон чеби

тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон. Чеп 1984-жылы тарыхчы Б. А. Дүйшеев тарабынан изилденген.
Ад: Мурзаев Э. М. Словарь народных географических терминов. М., 1984.