ДАРГИНДЕР
ДАРГИНДЕР (өздөрүн д а р г а н, д а р г а н т и деп аташат) – Дагстан Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Ставрополь крайында жана Калмакстанда да жашайт. Жалпы саны 365,0 миӊ адам, анын ичинде (тили, маданияты, турмуш-тиричилиги жагынан жакын кайтаг ж-а кубачилер м-н кошо) 280,4 миӊи Дагстанда (2000). Даргин, ошондой эле

орус тилинде да сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит. Даргин этноними алгач 15-кылымда эскерилет. Даргиндердин негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык , багбанчылык. Байыртан өнүккөн кол өнөрчүлүгү бар. Негизинен тоолуу аймактарда жүн (кездеме, килем, таар ж. б. токуу иштери), металл, жыгач, таш ж-а тери иштетүү кеӊири өнүккөн. Кубачи зергерлери курал-жарактары, зeр буюмдары м-н даӊкталган. Даргиндердин негизги социалдык уюткусун айылдык жамаат түзүп, кичи үй-бүлө түрү калыптанган. Бир тукумдан тараган тухум – үй-бүлөнүн патрилиниялык тобу сакталган. Даргиндер үстү темир же черепица м-н жабылган эки же көп кабат үйлөрдө жашашат. Эркектер көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска (бели тар, жакасыз, узун чапан), бурка (жеӊсиз чапан), тон, булгаары жана кийизден жасалган бут кийим, аялдар көйнөк, кенен шым, тон жана булгаары өтүк, башына күмүш кооздуктар м-н жасалгаланган чухта жамынган. Салттуу тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары, ошондой эле жашылча-жемиштер.
Ш. Керимова.