ДАНИЛЕВСКИЙ
ДАНИЛЕВСКИЙ Николай Яковлевич [4(16).12. 1822, Орлов губерниясы, Ливенский уезди, Остров кыштагы – 7(19).11.1885, Тифлис (азыркы Тбилиси)] – орус философу, биологу, публицисти, панславизм идеологу. Данилевский баарына бештен белгилүү: байыркы, орто кылым жана жаӊы тарых болуп бөлүнгөн бирдиктүү дүйнөлүк тарых деген концепцияны четке каккан. Ал «Россия жана Европа» аттуу китебинде (1869) биологиялык организмдер сыяктуу өз бет алдынча обочолонуп өсүп-өнүгүүчү «маданий-тарыхый типтер» (цивилизациялар) деген теориясын киргизген. Бул теория кийин О. Шпенглердин жана А. Тойнбинин локалдык (аймактык) цивилизациялар деп аталган концепцияларына негиз болгон. Ар бир тип өзүнүн жаралуу, телчигүү, гүлдөө жана соолуп-өчүү доорлорун басып өтөт. Данилевский өз китебинде маданий-тарыхый жактан өнүгүүнүн 10 тибин: египет, кытай, байыркы семит (ассирия-вавилон-финикия-халдей), индия, иран, еврей, грек, рим, жаӊы семит (араб), европа (роман-герман) цивилизацияларын атаган. Анын пикири боюнча тарыхта жаӊыдан жаралып жаткан 11-маданий тарыхый тип – славян цивилизациясы. Ал буга чейинки цивилизациялардан алда канча жогору турат жана келечектүү деп эсептеген.
Т. Абдылдабеков.