ДАБДЫРАӉ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАБДЫРАӉ – организмде жалпы зат алмашуу бузулуп, жүрөк жана дене булчуӊдарынын өзгө­рүүсү менен мүнөздөлүүчү ылаӊ. Аны менен малдын бардык түрү жана бакма канаттуулар ылаӊдайт. Кыргызстандын шартында 3–4 айга чейинки козу­лар ылаӊдап, бир кыйла зыянга учуратат. Ылаӊдын негизги себеби – малды бир түрлүү жана сапатсыз, Е витамини жана организмдин ти­ричилигине эӊ керек селенит микроэлементи жок тоют менен тоюттандыруу. Ылаӊ өзгөчө 10– 20 күндүк козуларда өтө оор өтөт. Эгерде жүрөгү дартка чалдыкса, демигет, көзүнүн былжыр ка­быкчалары саргарат, дем алуусу жана жүрөк ка­гышы тездейт. Булчуӊ эти жабыркаган козу­лар араӊ жатып-турат, бутун араӊ шилтеп, даб­дыраӊдайт. Убакыт өткөн сайын мойну, буту кайра-кайра карышат, жарым-жартылай шал­га айланат. Дене булчуӊдары катуу жана шиши­гендей сезилет. Муундары шишийт. Ылаӊдын клиникалык белгилери билине баштаганда эле отордогу бардык козуларга селенит натрий эрит­месин тери алдына же булчуӊуна куят. Селе­нит натрий өтө уу зат болгондуктан, анын эрит­месин даярдоо жана эмдөө өтө кылдат жүргүзүлөт. Селенитти куйгандан кийин малдын ууланга­ны сезилсе, жем же суу менен 1,5 мг/кг эсебинде атаксил 3–5 күн берилет. Ылаӊды ал­дын алуу максатында тоют сапаттуу даярдалып, малды витаминдүү, минералдык заттары же­тиштүү тоют менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле, туутка 3–4 жума калганда, бардык койго селе­нит эритмесин куюу сунуш кылынат.

Д. Раимбеков.