ГУАЯКИЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУАЯКИ́ЛЬ – Эквадор мамлекетиндеги шаар. Гуаяс провинциясынын административдик борбору. Калкы 2,6 млн (2022). Гуаяс дарыясынын чатында жайгашкан порт. Жолдор тоому. Өлкөнүн экономикалык жана сырткы соода борбору. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш–татымал, тактай тилүү, булгаары-бут кийим, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (муниципалдык жана антропология) бар. 1531-жылы негизделген. Санто-Доминго чиркөөсү (1540) сакталган.