ГОБИ АЛТАЙ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́БИ АЛТАЙ ТООЛОРУ – Монголиянын түштүгүндөгү тоо, Монгол Алтайынын түштүк-чыгыш уландысы. Узундугу 500 кмден ашык. Айрым тоолордон жана массивдерден (бийиктиги 1500–2500 м; эӊ бийик жери 3957 м, Барун-Богдо-Ула чокусу) турат. Гранит, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн; жер титирөөлөр болуп турат (алаамат жер титирөөлөр 1957- жана 1958-жылдары болгон). Тоолуу талаа, жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт.