ГОБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́БИ (монголчо говь – суусуз, какшыган жер) – Борбордук Азиянын түндүк жана түндүк-чыгышындагы чөлдүү, жарым чөлдүү аймак. Монголия менен Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Монгол Алтайы жана Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань жана Алтынтаг тоолору менен чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км2дей. Басымдуу бөлүгү – бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу жана кумдуу чөлдөр, оёӊдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) жана кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал жана баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө жана эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги – мал-чарбачылык

Гоби чөлүнүн ландшафты.

(төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык өнүккөн. Монголиянын чегинде Чоӊ Гоби коругу уюшулган.


Ад.: Мурзаев Э. М. Монгольская Народная Республика. 2-ое изд. М., 1952; Петров М. П. Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2, М.; Л., 1966–67; Физическая география материков и океанов. М., 1988.