ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИ́ЗА – курулушта, ошондой эле кандайдыр бир ишкананын жана мекеменин иштөө процессинде боло турган экологиялык бузулуу кесепетинин адис же адистер тобу тарабынан иликтениши жана бааланышы. Геоэкологиялык экспертиза божомолдонгон маалыматтарды бири-бирине салыштыруу аркылуу ишкананын отурукташкан калкка, айлана-чөйрөгө, башка ишканаларга (айлана-чөйрө аркылуу) тийгизе турган таасирин аныктоо менен жүзөгө ашырылат. Геоэкологиялык экспертиза адатта төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: табият шартына баа берүүнү; ишканалардын адамзаттын жашоо шартына, табигый ресурстарына, башка ишканаларга таасирин анализдөөнү; ченем (нормативдик) базасына ылайык ишкананы куруунун жана пайдалануунун экономикалык, экологиялык жана социалдык натыйжалуулугун аныктоону; курулуштун түрдүү варианттарын анализдөөнү. Геоэкологиялык экспертиза мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук болуп бөлүнөт; ошондой эле к. Экологиялык экспертиза.
А. Козубекова.