ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК КООПТУУЛУК – кандайдыр бир геоморфологиялык объектиге байланыштуу пайда болгон коркунуч, апаат ж. б. кырсык. Ага рельефттин өзгөчө формалары жана элементтери, мисалы, салаӊдаган аскалар жана жарлар, этеги табигый же атайын кесилүүгө дуушарланган туруксуз капталдар ж. б. кирет. Айрыкча бүгүнкү тоо тек массаларын кайра оошуусуна алып келип, жер бетинин түзүлүшүн өзгөрүүгө дуушарланткан рельеф пайда кылуучу азыркы таасири зор процесстердин (көчкү, жер көчкү, сел, карсттык жана сейсм-тектоникалык туӊгуюктар, шамал эрозиясы, аккумуляция ж. б.) натыйжасында адамдарга жана коомдун чарбалык иштерине зыян келтирген кризистик абал, кырсык же болбосо апаат жаралышы мүмкүн.
Д. Караева.