ГЕОМАГНЕТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМАГНЕТИ́ЗМ, ж е р м а г н е т и з м и – геофизиканын Жердин магнит талаасынын мейкиндикте таралышын жана мезгилге карай өзгөрүшүн, ошондой эле Жердеги жана анын магнит сферасындагы геофизикалык процесстерди изилдөөчү тармагы. Жердин магнит талаасы мейкиндиктин ар бир чекитинде багыты жана чоӊдугу х, у, z үч түзүүчүсү болгон Т чыӊалыш вектору же жер магнетизминин үч элементи горизонталь түзүүчүсү Н, магниттик эӊкейиши Д (горизонталь түзүүчү менен географиялык меридиандын ортосундагы бурч) жана магниттик кыйшаюу J (вектор менен горизонталь тегиздиктин арасындагы бурч) аркылуу мүнөздөлөт.