ГЕОИНФОРМАТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОИНФОРМА́ТИКА – компьютердик моделдештирүү аркылуу табигый жана социалдык-экономикалык геосистемаларды (алардын түзүлүштөрүн, өз ара аракеттенишин, динамикасын, мейкиндиктеги жана убакыт ичиндеги ордун) изилдеген илим. Геоинформатика конкреттүү илимий жана практикалык маселелерди чечүү максатында геосистемаларды таанып билүү жана башкаруу үчүн пайдаланылат, к. Географиялык маалымат системасы.