ГЕОДИНАМИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДИНА́МИКА (гео... жана грекче dynamis – күч) – Жер кыртышындагы, мантиясындагы жана ядросундагы (массанын тереӊдиктеги жана үстүӊкү кыймылын пайда кылуучу) процесстерди жана күчтөрдү изилдеген илим; геологиянын бир тармагы. Геодинамика – эндогендик процесстерди (жер түпкүрүндөгү геологиялык процесстер) жана экзогендик процесстерди (жердин үстүнкү катмарындагы геологиялык кубулуштарды) иликтейт. Геодинамикалык изилдөөдө магнитометриялык, сейсмометриялык, гравиметриялык ж. б. маалыматтар, ошондой эле геологиялык моделдештирүү, геохимиялык мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Геодинамикалык изилдөөлөрдүн негизин литосфера плиталарынын тектоникасы түзөт. Сызыксыз геодинамика жер түпкүрүндө болуучу мезгилсиз, баш аламан ж. б. импульстук процесстерге байланыштуу, ошондой эле күтүүсүз факторлордун (кометалардын кыймылы, метеориттердин түшүүсү ж. б.) таасиринен пайда болгон процесстерди жана кубулуштарды да изилдейт.


Ад.: Добрецов Н. Л., Кирдяшкин А. Г., Кирдяшкин А. А. Глубинная геодинамика. 2-е изд. Новосиб. 2001; Хаин В. Е., Ломизе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.