ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК АСПАПТАР , г е о д е з и я л ы к п р и б о р л о р – чекиттердин жер бетиндеги ордун аныктоодо, аралыкты, бурчту жана бийиктиктердин айырмасын ченөөдө же чекиттердин

GPS эки жыштыктуу кабыл алгычы.

координаталарын түзү жолу менен алардын жер бетиндеги анык абалын аныктоодо пайдаланылуучу аспаптар. Геодезиялык аспаптарга аралык өлчөгүч (өлчөө тасмасы, байыр аспаптары ж. б.), бурч өлчөгүч (буссоль, теодолит ж. б.), бийиктик өлчөгүч (нивелирлер), графикалык сүрөттөө жүргүзүүчү аспаптар (мензула, кипрегель менен), астрономиялык жана маркшейдерлик аспаптар кирет. Аралык өлчөөдө узундугу 20 же 50 м болот тасма, триангуляцияда жана полигонометрияда узундугу 24, 48 жана 72 м келген инвар зымы же тасмасы бар асма байыр приборлору колдонулат. Жер бетинин бурчу экердин жардамы менен түзүлөт. Теодолит-тахеометр – горизонталь жана тик бурчту аныктоочу аспап. Мамлекеттик триангуляциялык тармактардын ж. б. таяныч чекиттердин географиялык

Нивелир (1952).

координаталарын аныктоочу аспаптар да (стационардык астрономиялык аспаптар) геодезиялык аспаптардын тобуна кирет. Чекиттин географиялык кеӊдигин, узундугун жана жер бетиндеги нерсенин азимутун аныктоочу универсал аспап – астрономиялык пункттарды аныктоодогу негизги аспап. Жер бетинин ой-чуӊкур, түздүгүн (бийиктигин) аныктоо үчүн геодезиялык нивелир жана рейка колдонулат. Мензула жана кипергель графикалык жол менен топографиялык сүрөттөө жүргүзүүдө пайдаланылат. План түзүү үчүн транспортир, координаталык торду түзүүчү Дробышев сызгычы, өлчөгүчтөр ж. б. жардамчы аспаптар колдонулат. Пландын аянты планиметр менен өлчөнөт.


Ад.: Васютинский И. Ю., Рязанцев Г. Е., Ямбаев Х. К. Геодезические приборы при строительно-монтажных работах. М., 1982; Спиридонов А. И., Кулагин Ю. Н., Крюков Г. С. Справочник-каталог геодезических приборов. М., 1984.