ГЕОАНТИКЛИНАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОАНТИКЛИНА́ЛЬ (гео..., анти… жана гр. klino – ийилүү) – жер кыртышынын геосинклиналь аймактарынын чегинде жекече, узак убакыт бою, акырындык менен көтөрүлүүсүнөн пайда болгон айрым бөлүгү. Анын туурасы ондогон, узуну жүздөгөн кмге чейин жетет. Геоантиклиналь геосинклиналдан тоо тек катмарларынын дайыма эле чөгө бербеши, көбүнчө алардын бирдей эмес жайгашуусу, анча калыӊ болбошу, метаморфизмдин начар өнүгүшү ж. б. менен айырмаланат. Анын пайда болушу көбүнчө бир нече геологиялык мезгилге созулат. Геосинклиналдын өнүгүшүнүн акыркы стадиясында геоантиклиналь бүктөлмө тоо системаларынын борбордук бөлүгү (ядросу) болуп калат. Азыркы геоантиклиналдарга Курил аралы, Малайя архипелагы, байыркы геоантиклиналдарга Урал тоолору, Кыргызстанда Фергана тоо тизмеги, Нарын кырка тоосу жана Кыргыз Ала-Тоосу кирет.