ГАЛАПАГОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛА́ПАГО́С , Т а ш б а к а л у у а р а л д а р, К о л о н а р х и п е л а г ы – Тынч океандагы 13 ири жана көптөгөн майда аралдар тобу. Түштүк Американын жээгинен 1000 кмдей аралыкта, Эквадордун провинциясы. Ири аралдары: Исабела, Фернандина, Сан-Сальвадор, Санта-Крус жана Сан Кристобаль. Аянты 7,8 миӊ км2. Калкы 25,1 миӊ (2010). Административдик борбору – Бакерисо-Морено. Аралдар жанар тоонун аракетинен пайда болгон. Өчкөн жана аракеттеги жанар тоолордун

Галапагос аралдары. Опунция кактусу.

бийиктиги 1707 мге чейин. Мында тропик жана уюл аймактарындагы фауна менен флоранын айрым түрлөрү кездешет. Реликт жана эндемик жаныбарлар (опунция; алп ташбака, игуана кескелдириги, пингвин, фригат, фламинго, биргазан ж. б.) өтө көп. 1964-жылы Санта-Крус аралында Ч. Дарвин атындагы эл аралык илимий-изилдөө станция, 1936-жылы Галапагос улуттук паркы (аянты 691 миӊ га; кайталангыс фаунасы менен флорасын коргоо үчүн) уюшулган. Галапагос аралдары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Архипелагды 1935-жылы испаниялык Томас де Берланга ачкан. Галапагоско 1835-жылы Ч. Дарвин келип, өзү байкоо жүргүзгөн материалдарды эволюция теориясын негиздөө үчүн пайдаланган.


Ад.: Дарвин Ч. Путешествие натуралиста вокруг света на корабле «Бигль». 3-е изд. М., 1976; Алексеев Б. А. Галапагос острова//БРЭ, т. 6. М., 2006.