ГАБОРОНЕ
ГАБОРО́НЕ (1969-ж. чейин Габеронес) – Ботсвана мамлекетинин борбору (1966-жылдан); өз алдынча шаар муниципалитетине бөлүнгөн. Калкы 246,3 миӊ (2022; агломерациясы менен 534,8 миң). Өлкөнүн түштүк-чыгышында, 1000 м бийиктикте жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1950-жылдардын аягында темир жол бекети катары негизделген. Университет (анын астында Түштүк Африкадагы эӊ ири калк китепканасы иштейт), институттар, билим берүү академиясы, музей, галерея (1968; музыкалык аспаптардын бай коллекциясы, үй эмеректери, аялдардын кооз мончоктору ж. б.), Майтисонг маданий борбору (музыка, театр), Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдүн өнүгүү маселелери боюнча уюмдун штаб-квартирасы бар. Жыл сайын соода ярмаркасы өткөрүлүп турат. Пиво кайнатуучу, металл жана жыгачтан буюм жасоо өндүрүшү, текстиль өнөр жайы иштейт. Шаарга жакын салттуу кол өнөрчүлүктүн (килем токуу ж. б.) борбору жайгашкан. Шаардын айланасынан марганец жана асбест казылып алынат.