ВОЛКОВЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛКОВЕ́НКО Афанасий Иванович [1907, Россия империясы, Ал­тай крайы, Васильчуки кыштагы (азыркы Ключев­ский району) – 6.11.1944, Украина ССРи, Ровно облусу] – Советтер Союзунун Баатыры (03. 03. 1944). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1941) Фрунзеде (азыркы

Бишкек) «Кондитер» артелинде иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1-гвардиялык ат­чандар дивизиясына караштуу 6-гвардиялык атчандар полкунда эскад­рондун командири болгон. 5 ай бою Смоленск облусунда фашисттик тылда согуш­кан. 1942-жылы 26-апрелде анын эскадрону Мышенка кыштагын (Угранский району) ээлеп алган. А. И. Волковенко жарадар бол­гонуна карабастан, катар­дан кетпей салгылашкан. 1942-жылы 19-июнда душмандын дзотун талкалап, Смоленск районунда фронттун линиясынан өтүшкөн. Ошондой эле Масальский жана Варшава шос­селери үчүн уруштарга, Вязьма, Житомир, Луцк шаарларын бошотуу үчүн салгылаштарга катышкан. Волковенко салгылашып жүрүп, Чехословакиянын чегара­сына чейин жеткен. Айрым маалыматтар боюнча автомобиль кырсыгынан курман болгон. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери менен сый­ланган. Сөөгү Украина ССРи, Ровно облусунун Червоноармейск (азыркы Радивилов) шаарындагы Даңк мемориалына коюлган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.