ВАРМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРМЕ́ТР – өзгөрмө токтун электр тизмегиндеги реактивдүү кубаттуулукту өлчөөчү прибор: кубаттуулук Q=UIsinφ формуласы менен берилет, мында U – чыӊалуу, I – электр тогунун күчү,φ алардын ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Негизинен өнөр жайлык жыштыктагы (50 Гц) үч фазалуу өзгөрмө ток тизмегинде колдонулат жана ваттметрдей схемада туташтырылат. Варметрдин негизин электр ченегич механизм (адатта электр-динамикалык же ферродинамикалык система) жана Варметрдин көрсөтүүсүнүн sinj чоӊдугуна пропорциялуулугун камсыз кылуучу электр схемасы түзөт.