БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ – Борколдой кырка тоосунун түндүк капталындагы жанаша жаткан эки мөӊгү. Чоӊ Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Экөөнүн узундугу 6,8 км жана 7,9 км, аянттары 9,4 км2 жана 8,7 км2. Абляция облусунун аянттары 2,9 км2 жана 4,4 км2. Мөӊгүлөрдүн башы деӊиз деӊгээлинен 4880 м жана 5170 м, этектери 3700 м жана 3830 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4220 м жана 4180 м. Фирн облусунун көп камералуулугу, бутактанган майда тармактары менен айырмаланат. Каптал жана этек мореналары бар. Азыр мөӊгүлөр чегинүүдө. Алардан агып чыккан суулар Жагалмай суусуна сол тараптан куят.