БЕЛЯНДРА
БЕЛЯ́НДРА Василий Яковлевич [05. 01.1914, Россия империясы, Торгой облусу, Костанай уезди (азыркы Казакстан Республикасы, Костанай облусу, Денисов району), Досовка кыштагы – 12. 03. 1967, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кемин району, Боролдой айылы] – Советтер Союзунун Баатыры (17. 11. 1943). 1930-жылдан азыркы Кемин райоундагы Боролдой айлында жашап, Советтик Ар-

миянын катарына Фрунзе облусунун Кемин райондук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы октябрь айында чакырылган. 1943-жылы мотоаткычтар бригадасында взводдун (Воронеж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гвардиялык танкалык корпус) командири болуп дайындалган. Киевди бошотуу үчүн 1-Украина фронтунун аскерлеринин салгылашында В. Беляндра өзүнүн взводу менен Днепрден биринчилерден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыштагын (Киев облусу, Канаев району) ээлейт. Эки сутканын ичинде В. Беляндранын взводу душмандын 7 контрчабуулунун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына (№ 2138)арзыган. 1945-жылы Берлинди алып, Праганы бошотууда өз салымын кошкон. 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышкан. Согуштан кийин Кемин районундагы Киров колхозунда механик болуп эмгектенген. Ленин, Кызыл Туу, Александр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.