БЕЙШЕЕВ Үсөн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕЙШЕЕВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВ Үсөн [10. 10. 1920, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Нарын облусу, Коч­кор району, Теңдик кыштагы) – 12. 09. 1982, ошол эле жер­] – Даңк орденинин толук кавалери. Айылдык мектептен 10-классты бүтүрүп, Кочкор айыл кеңешинде катчы болуп иштеген. Советтик Армиянын катарына 15. 08. 1942-жылы Тянь-Шань облусунун Кочкор райондук аскер комисариаты тарабынан чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер окуу жайынын артиллериялык курсун бүтүргөндөн кийин 1943-жылы февраль айында фронтко жөнөтүлгөн.

Алгач 65-армиянын (кийинки 8-гвардиялык) 27-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 83-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат өтөп, 3-Ук­раина ж-а 1-Белорус фронт­торунда Стралинграддын алдынан баштап, Курск салгылашуусуна, андан Украина, Белоруссия жана Польшаны бошотуп, Берлинди алууга катышкан. 06. 03. 1944-жылы Красный кыштагы (Украина ССРи, Днепропертровск облусу) үчүн 3-дара­жадагы (№ 31158), 17. 03. 1945-жылы Польшадагы Головачув (Головлув) шаарын бошотуудагы баатырды­гы үчүн 2-даражадагы (№ 28273), 16. 04. 1945-жылы Зеелов бекемделген районун (Германия) алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (№ 1152) Даңк ордендери менен сыйланган. Согуштан кайтып келгенден кийин (1946) өзү туулган айылда жайыт чарбасы, райондук финансы бөлүмү ж.б. сыяктуу кызматтарда иштеген.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.