БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР – инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; биздин заманга чейин 1-кылым ченде Рейн менен Висланын, Дунай менен Балтика, Түндүк деңиздин жана Түштүк Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Биздин заманга чейин 1-кылымда Байыркы германдар отурук­ташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен. Биздин замадын 1-кылымынын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарын­да король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан жана анын бийли­гин эл чогулушу менен аксакалдар кеңеши чектей алган. 2–3-кылымдарда өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруу­чулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамлекеттик бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Байыркы германдардын Рим империясы менен болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4–6-кылымдарда алар Элдердин Улуу көчүндө маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын бир топ жерин басып алышкан жана анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтор­дун, бургундардын, франктардын, лангобарддар­дын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптаны­шына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Биздин замандын 1-кылымында эле Байыркы германдардын өз жазуусу болгон.