БАЙЫМБЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫМБЕТОВ Мамади (15. 05. 1927-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району) – педагог, КРдин эл му­галими (2001). Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Билим берүү системасында 50 жылдан ашык эм­гектенип, анын ичинде 39 жыл мектеп жетекчиси бол

гон. Ал мугалимдик иш ­аракеттин устаты катары «Кол эмгек сабагы», «Пио­нердик үч баскыч», «Сегиз жылдык мектеп», «Мил­деттүү орто билим алуу», «Даярдоо классы», «Үй-бүлө жана адеп сабагы», «Адеп сабагы», «Пилоттук мек­теп» ж. б. жаңы башталма­ларды мектепте калыптан­дырууда башка мектептерге насаатчы катары таанылган. Байымбетов кыргыз тили жана адабиятын окутуу, элдик педагогиканын методдору боюнча 40тан ашуун илимий макалаларын жарыялаган. «Ардак Белги­си» ордени жана медалдар менен сыйланган.