БАЙТӨБӨТОВ Дүйшөнбек

БАЙТӨБӨТОВ Дүйшөнбек (05. 01. 1949-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Үч-Эмчек айылы – 07. 07. 2018. Бишкек) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1988). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн. 1972–1989-жылдарда Ош кыргыз драма театрында, 1989–1991-жылдарда республикалык жаштар жана балдар театрында, 1991-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Байыркы дүйнөлүк орус жана кыргыз драматургдарынын белгилүү спектаклдеринде башкы каармандардын кулк-мүнөзүн ачып, элестүү жана таасирлүү образдарды жаратты. Аткарган негизги ролдору: Курманбек (К. Жантешев, «Курманбек»), Танабай, Мамбет, Орган

(Ч. Айтматов, «Жаныбарым, Гүлсары», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт»), Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Кожожаш (М. Байжиев, «Байыркы жомок»), Фамусов (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Асан (М. Ауэзов, «Кара-көз»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Төштүк (Ж. Садыков, «Эр Төштүк»), Ажыбай, Көбөш (Ж. Садыков, «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей») жана башкалар. Байтөбөтов кинодо да бир катар образдарды түзгөн: Ильяс (И. Поплавская, «Мен – Тянь-Шань»), Түлкүбек (Г. Базаров, «Каныбек»), Базарбай (Д. Садырбаев, «Акбаранын көз жашы»), Токтогул (Г. Н. Николаенко, «Кербез»), Сабыр (А. Сүйүндүков, «Кошокчу») жана башкалар.